Ысык-Көл облусунун Сары-Тологой айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, долбоор республикалык бюджеттен каржыланат. Объекттин жалпы баасы 84 миллион сомду түзөт.
Бала бакчанын курулушу 2025-жылдын апрелинде башталган. Бүгүнкү күндө объекттин даярдык деңгээли 70%ды түзөт. Учурда ички жасалгалоо иштери, аймакты көрктөндүрүү жана кичи архитектуралык формаларды орнотуу жүрүп жатат.
84 000 000 сом Долбоордун жалпы баасы
Бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 84 миллион сом бөлүнгөн.
Долбоорго ылайык, бала бакчанын имараты заманбап стилде, балдарды тарбиялоо, окутуу жана эс алуусу үчүн бардык керектүү шарттарды түзүү менен курулууда. Имараттын жалпы аянты 1 404 чарчы метрди түзөт.




















