Баткен районунун Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Чарбак айылында жаңы бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасы кабарлады.
Мектепке чейинки мекеме 25 орунга ылайыкташкан. Долбоорду каржылоо жана жабдуу үчүн жалпысынан 5,1 млн сом каралган.
5,1 млн сом Долбоордун жалпы наркы
Курулуш иштери «СТА-ГРУПП» ЖЧКсы тарабынан аткарылды.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «СТА-ГРУПП» жоопкерчилиги чектелген коому 2023-жылдын 25-февралында кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгүнүн негизги түрү — турак-жай жана турак эмес имараттарды куруу. Жетекчиси жана уюштуруучусу — Исмаилов Бакытбек Жусупович.
Жаңы бала бакча айылдагы балдардын мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзүп, жергиликтүү тургундардын социалдык муктаждыктарын канааттандырат.



























