Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Алардын маалыматы боюнча, курулуш иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган.

Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү

75орун
69 млнсом
1 105кв. метр

Бир кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 105 чарчы метрди түзөт. Долбоордо балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Азыркы учурда имараттын дубалдары тургузулуп, чатырын жабуу боюнча иштер башталды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин билдирүүсүнөн

Жаңы бала бакча айылдагы мектепке чейинки билим берүү тартыштыгын азайтууга багытталган. Бул долбоор аймактагы балдардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзөт.