Манас районунун Кара-Арча айылынын тургундары үчүн 50 балага ылайыкталган заманбап бала бакча курулду. Бул социалдык объектти куруу иштери 2025-жылдын сентябрында башталып, азыркы учурга карата негизги курулуш-монтаждык иштер аяктап калды.

Талас облусундагы жаңы бала бакча толук кандуу шарттарды сунуштайт. Анда балдар үчүн уйку бөлмөлөрү, окуу залдары, медициналык бөлмө, ашкана жана кабыл алуу бөлмөлөрү бар.

Ведомствонун маалыматына караганда, долбоордун наркы 30 миллион сомду түзөт. Учурда бала бакчанын айланасын кооздоо иштери жүргүзүлүүдө, атап айтканда тосмолор орнотулуп, брусчатка төшөлдү.