Тараптар парламенттер аралык дипломатияны бекемдөө, ошондой эле эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.
Мамлекет башчысы Түштүк Кавказ өлкөлөрү менен кызматташуу, анын ичинде Грузия менен, өлкөнүн тышкы саясий багытында артыкчылыктуу орундардын бирин ээлей турганын баса белгиледи.
Садыр Жапаров бул иш сапар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы саясий диалогдун ырааттуу өнүгүп жатканын көрсөтөрүн белгиледи.
Президент кыргыз-грузин мамилелеринде парламенттик өз ара аракеттенүү да өзгөчө орунду ээлей турганын баса белгилеп, профилдик комитеттердин, биринчи кезекте эл аралык иштер боюнча комитеттердин жана достук топторунун өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгын айтты.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүү, атап айтканда, транспорттук-логистикалык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү келечектүү багыттар экенин белгиледи.
Парламенттер аралык дипломатияны бекемдөө — биздин кызматташтыктын маанилүү бөлүгү.
Өз кезегинде Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алып, меймандостук көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр арасындагы кызматташтыктын чоң потенциалы бар экенин жана аны өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ал өзүнүн иш сапары кыргыз-грузин мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
























