Бишкекте iFIRST долбоорунун бет ачарына арналган семинар өттү. Долбоор туруктуу энергетикага өтүүгө көмөк көрсөтүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чараларын активдештирүүгө багытталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, иш-чарага министрдин орун басары Асель Раимкулова, энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Омурбеков жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышты.
iFIRST долбоору — бул көмүртек активдерин трансформациялоо фондунун жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан туруктуу энергетикага өтүүнү инновациялык каржылоо демилгеси. Долбоорду каржылоого 6 жылга 35 миллион АКШ доллары бекитилди. Каражат парник газдарынын чыгарылышын кыскартуу боюнча белгиленген натыйжаларга жетишилгендиги тастыкталган сайын бөлүнүп берилет.
Долбоордун негизги максаттары
- Климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин төмөндөтүү
- Көмүртектин чыгарылышын кыскартуу
- Энергетика тармагында экологиялык таза технологияларды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү
- Кыргызстандын климаттык милдеттенмелерин аткарууга көмөктөшүү
- Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу
Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү
Демилге ошондой эле өлкөнүн климаттык милдеттенмелерин аткарууга, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу колдонууга жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга өбөлгө түзөт.





























