Биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйын Россияга болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Күн тартибине Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин ортосундагы кызматташуунун негизги багыттары боюнча 41 маселе киргизилген. Алардын катарында соода саясаты, өнөр жай кызматташтыгы, энергетика, техникалык жөнгө салуу жана башка тармактар бар.

Эл аралык ишмердүүлүктүн багыттары

Кеңештин мүчөлөрү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин «Евразия экономикалык биримдигинин 2027-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө» чечиминин долбоорун жактырышты. Документ 2027-жылга карата ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктарын, ошондой эле аларды ишке ашыруунун механизмдерин жана инструменттерин аныктайт.

Санариптик күн тартиби

Мындан тышкары, Кеңеш Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин «Евразия экономикалык биримдигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруу максатында санариптик долбоорлорду кароо тартибин бекитүү жөнүндө» чечиминин долбоорун жактырды. Бул тартип ЕАЭБ алкагында санариптик демилгелерди ачык-айкын жана натыйжалуу кароону камсыз кылууга багытталган. Ал жасалма интеллект жана маалыматтык технологиялар жаатындагы долбоорлорду, ошондой эле Биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасын колдонууну камтыйт.

Товарлардын келип чыгышын аныктоо

Ошондой эле ЕАЭБдин бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери бекитилди. Бул эрежелер мүчө мамлекеттер тарабынан колдонулат.