Кыргызстанда Сообществолордун Улуттук демилгелер долбоору (НПИС) алкагында 18 жаңы бала бакча курулат жана дагы төрт бала бакча толук оңдоп-түзөө аркылуу жаңыланат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Долбоорду ишке ашыруу маселелери министр Догдуркүл Кендирбаева, Сообществолордун өнүгүү жана инвестирлөө агенттигинин аткаруучу директору Калыбек Жумадилов жана НПИС координатору Майрамбек Баялиев катышкан жыйында каралды.

Балдардын коопсуздугу артыкчылык

Министр Кендирбаева жаңы бала бакчалар заманбап жана балдар үчүн коопсуз чөйрө болушу зарыл экенин белгиледи. Долбоорлордо жашылдандыруу, табигый материалдардан оюн аянтчалары жана улуттук баалуулуктарды чагылдыра турган ички жасалгалар каралат.

Ошондой эле, сапаттуу жана коопсуз мебель колдонулуп, өрт коопсуздугунун талаптары сакталат жана инклюзивдүү чөйрө түзүлөт.

АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадилов жыйын учурунда айтылган сунуштар долбоорду ишке ашырууда эске алынарын белгиледи.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары келечекте Сообществолордун Улуттук демилгелер долбоорунун алкагында кесиптик лицейлерди куруу жана модернизациялоо маселесин да карап чыгууга мүмкүнчүлүк бар экенин талкуулашты.