Жогорку Кенешатин басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Талаа айылындагы жаңы окуу жайдын курулушуна республикалык бюджеттен 230 миллион сом бөлүнгөн.
Эки кабаттуу имарат 275 орунга ылайыкталып, заманбап компьютердик класс, химия, биология жана физика лабораториялары, спорт зал, ашкана жана мини-футбол аянтчасы менен жабдылган.
Убадалар
- Окуучуларды жаңы мектеп формасы менен камсыздоо
- Музыкалык аспаптарды сатып алуу
- Эң жогорку көрсөткүч менен окуган үч бүтүрүүчүнүн окуу акысын төлөө
- Алдыңкы мугалимдерге сыйлык тапшыруу
Марлен Маматалиев белгилегендей, жергиликтүү кеңештин депутаттары мурда Кара-Талаа айылында жаңы мектеп имаратын курууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылышкан жана эми айыл тургундарынын көптөн берки кыялы ишке ашты.


























