Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, мектеп Тенир-Тоо көчөсүндө жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 3 349 чарчы метрди түзөт.
Министрликтин билдирүүсүндө мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар каралганы белгиленет: химия жана физика лабораториялары, информатика жана эмгек кабинеттери, ашкана, китепкана, спорт залы бар.
Жаңы мектептин негизги көрсөткүчтөрү
Мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол үчүн атайын спорт аянтчалары жабдылган. Ошондой эле имарат күн панелдери менен камсыздалган.
Жаңы мектептин ачылышы конуштун калкынын өсүшүнө байланыштуу билим берүү тармагындагы муктаждыктарды чечүүгө багытталган.



















