Январь-сентябрь айларында биринчи баскычтагы сотторго 199 миң 219 иш жана материал келип түшкөн. Өткөн жылдан калган иштерди кошкондо, өндүрүштө 216 миң 630 иш жана материал болгон. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин жетекчилиги астында өткөн жыйындын жыйынтыгы менен билдиришти.

Тогуз айда сот иши

199 219иш жана материал келип түшкөн
216 630өндүрүштө болгон иш жана материал
87%сот иштери каралып бүткөн
96%материалдар каралып бүткөн
≈2%мөөнөтү бузулуп каралган

Берилген маалыматтарга ылайык, тогуз ай ичинде соттор сот иштеринин болжол менен 87 пайызын, материалдардын 96 пайызын карап бүтүрүшкөн. Бирок бүткөн иштердин жана материалдардын 2 пайызга жакыны процесстик мөөнөттөрдү бузуу менен каралган.

Медербек Сатыев сот төрагаларына процесстерди негизсиз создуктурбоону жана мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону тапшырды. Ал иштердин өз убагында каралышы жарандардын укуктарын коргоо жана сот системасына болгон ишенимди бекемдөө үчүн зарыл экенин баса белгиледи.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин тапшырмасы

Сот чечимдеринин сапаты

Жыйында ошондой эле биринчи жана апелляциялык баскычтагы соттордун ишинин сапаты каралды. Катышуучулар сот актыларын жогорку инстанциялар тарабынан өзгөрүүсүз калтыруу, өзгөртүү жана жокко чыгаруу көрсөткүчтөрүн талдашты.

Талдоонун жыйынтыгында Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарынын айрым сотторунун көрсөткүчтөрү жакшыртылышы керектиги белгиленди. Ал эми Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир соттору оң натыйжаларды көрсөтүштү.

Медербек Сатыев сот жетекчилерине кемчиликтердин себептерин талдап, сот чечимдеринин сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Жарандардын кайрылуулары

Жыйында жашоочулар көтөргөн көйгөйлөр да өзүнчө талкууланды. Бул маселелер боюнча кошумча маалымат берилген жок.