Жогорку Кенешатин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылында жаңы курулган мектептин ачылышына катышып, мындан аркы пландар тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, 2027-жылы республиканын бардык аймактарында 112 жаңы мектеп жана 40 оорукана куруу көздөлгөн. Бул объектилердин арасында оор ооруларды дарылоочу жана орган алмаштыруу операцияларын жасай турган заманбап клиника да бар.
Төрага ошондой эле акыркы жылдары республикада өнөр жай тармагы да жигердүү өнүгүп жатканын, ар бир айылдын өзгөчөлүгүн, жаратылыш ресурстарын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен өндүрүш ишканаларын ачуу пландалып жатканын кошумчалады.





















