Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Кыя айылында жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Турумуш басылмасы кабарлап, долбоор мамлекеттик бюджеттин каражатына каржыланып жатканын маалымдады.

Мектеп 375 орунга ылайыкташтырылып курулуп жатат. Анын үч кабаттуу окуу корпусу, сахна жана спорт залы болот. Жалпы аянты 3377 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштерин «Ал-Амаль» жоопкерчилиги чектелген коом жүргүзүүдө. Иштер 2026-жылдын февраль айында башталып, ушул жылдын аягына чейин бүтөт деп пландалууда.

Окуу жай ишке берилгенден кийин эки сменада 750ге чейин окуучу заманбап жана ыңгайлуу шарттарда билим ала алат.