Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында Т. Назаров атындагы жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объектинин жалпы наркы 124 миллион сомду түзөт.
Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, долбоорго ылайык мектептин жалпы аянты 1630 чарчы метрди түзөт. Ал 150 окуучуга ылайыкталган. Имарат эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат. Мындан тышкары, аймакта мини-футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулат.
Объектини куруу иштери 2025-жылдын май айында башталган. Учурда лифт орнотулуп, жылытуу жана өрт өчүрүү системаларын монтаждоо иштери жүрүүдө.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүндө, курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жана Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын көзөмөлүндө.




