Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине карата бюджеттин долбоорун даярдады. Ага ылайык, резидент эместердин киреше салыгы боюнча түшүүлөр 16,4 млрд сом деңгээлинде болмокчу.

Бул сумма 2026-жылга бекитилген бюджеттеги 6,7 млрд сомдон 9,7 млрд сомго көп, тактап айтканда, 2,4 эсеге өсөт. 2025-жылдагы иш жүзүндөгү түшүүлөр 9,1 млрд сомду түзгөн, демек, өсүү 80,4% болот.

Резидент эместердин киреше салыгы боюнча түшүүлөр

6,72026-жыл (бекитилген), млрд сом
16,42027-жыл (болжол), млрд сом
17,62028-жыл (план), млрд сом
20,42029-жыл (план), млрд сом

Пландык мезгилде салыктын түшүүлөрү дагы өсөт: 2028-жылы 17,6 млрд сом, 2029-жылы 20,4 млрд сом болжолдонууда.

Резидент эместердин киреше салыгы республикалык бюджеттин салыктык кирешелеринин ичинде 2027-жылы 2,9% үлүштү ээлейт. Салыштыруу үчүн, 2026-жылга бекитилген бюджетте бул көрсөткүч 1,6% болгон. Жалпы салыктык кирешелер 2027-жылы 575,7 млрд сом деп болжолдонууда.