Диана Кулешова 1995-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Балалыгы Бишкек шаарында өткөн, үй-бүлөсү менен ошол жерде жашаган. Ысык-Көлгө болжол менен бир жыл мурун көчүп келип, учурда Төрт-Күл айылында жашап, окуучулар менен үйдөн сабак өтөт.
Ал Эл аралык университетте билим алып, «юриспруденция» жана «лингвистика» багыттары боюнча эки жогорку билимге ээ болгон. Мындан тышкары, ар кандай курстардан өтүп, кошумча сертификаттарга ээ.
Диананын айтымында, анын билимге жана кесипке болгон кызыгуусуна үй-бүлөсү чоң таасир эткен. Туугандарынын арасында мугалимдер жана юристтер көп болгондуктан, ал кичинекей кезинен билимдин жана кесипкөйлүктүн маанисин түшүнүп өскөн. Ал үчүн эң чоң колдоо жана дем-шык берүүчү апасы.
Билим берүүдөгү өзгөчө ыкма
Диана билим берүү тармагында алты жылдан бери иштейт. Бул убакыт аралыгында ал балдар менен иштөө тажрыйбасын топтоп, өзүнүн окутуу ыкмасын иштеп чыккан.
Анын башкы максаты — окуучуларга жөн эле маалымат берүү эмес, аларды сабакка кызыктырып, ар бир бала менен жакшы мамиле түзүү.
Мен үчүн баланын сабакка болгон кызыгуусун ойготуу абдан маанилүү. Кээде сабактан качкан бала дагы туура мамиле жана ыкма менен окууну сүйүп калышы мүмкүн.
Диана ар бир окуучу менен өзүнчө иш алып барып, алардын өзгөчөлүктөрүн эске алат. Бул ыкма балдардын билимге болгон умтулуусун арттырууга жардам берет.




































