Төлөйкөн айылынын тургундары жанындагы атуучу тирдин үзгүлтүксүз ызы-чуусунан жана ок атуудан улам ыңгайсыздыктар болуп жатканын айтышты. Бул маселе Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн.
Айыл тургундарынын айтымында, тир жайгашкан аймакка милиция кызматкерлери жана башкалар дайыма келип-кетүүдө, ошондуктан тынчтык жок болуп жатат. Алар «Гром» компаниясынын өкүлдөрү мурда жашыруун түрдө келип, тургундардын макулдугун алып, тирди куруп коюшканын белгилешти.
Тургундардын маалыматы боюнча, аталган жер ижарага алынган жана анын мөөнөтү ушул жылы бүтөт. Ошондуктан, алар бул маселени чечүүнү суранышууда.
Эгерде тир сиздер үчүн коркунуч туудурса, биз аларга Араван багытында башка жерди бөлүп беребиз.
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев маселеге байланыштуу Ош шаардык ИИБ башчысынын орун басары тургундар менен жолуга тургандыгын билдирди. Мэрдин айтымында, жолугушуунун натыйжасында маселе чечилет.














