Ош шаарынын Сулайман-Тоо райондук кылмыш розыскдоо бөлүмүнүн кызматкерлери ири өлчөмдө алдамчылык кылган деп шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 24-июлунда Г.Айтиев көчөсүндө жайгашкан «Үч-Тал» кафесинде «Амантур» деген ысым менен өзүн инвестор катары тааныткан киши 1976-жылы туулган аялга «Жибек-Жолу» базарындагы «А» блогунун 12-катарындагы төрт соода орунун берерин убада кылган.
Ал эми алдамчы аялдын ишенимине кирип, акчаны алып, убада кылган соода түйүндөрүн бербей, качып кеткен. Кылмышкерди издөө иштеринин натыйжасында Ош шаарынын тургуну, 2003-жылы туулган Р. А. кармалды.
Учурда кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү («Алдамчылык») боюнча козголду. Ош шаардык сотунун чечими менен шектүүгө эки айга камакка алуу меруэси тандалды.
Азыркы учурда кармалган адамдын башка ушул сыяктуу кылмыштар менен байланышы бар экендиги текшерилип жатат.








