Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге Кызыл-Кыштак айылынын аймагындагы Алишер Навои көчөсүндө жашоочулар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө компенсация төлөмдөрү боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, көчө тургундарынын жолдор, инженердик инфраструктура жана коммуналдык тейлөө маселелери боюнча суроолору талкууланды.

Мындан сырткары, Сулайман-Тоо айланасындагы аймакты дагы өнүктүрүү жана жаңылоо боюнча жүрүп жаткан долбоорлор тууралуу кошумча түшүндүрмөлөр берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында калктын сунуштары жана сын-пикирлери эске алынып, көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.