Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Добо айылынын жанында археологдор кызыктуу табылганы ачканы. Кочкор-Башы байыркы шаарынын аймагынан XI–XIII кылымдарга таандык коомдук мончонун калдыктары табылган. Бул курулуштун дубалдары жылуулукту өткөрүүчү атайын каналдар аркылуу жылытылган экени аныкталды.
Изилдөөлөр 2024-жылы башталган жана азыркы учурда да уланууда. Адистер мончонун ичиндеги жуунуучу бөлмөлөрдү, сууну ысытуучу аймактарды жана жылыткыч системанын элементтерин таап чыгышты.
2026-жылы археологдор мончонун отканасын казуп чыгышкан учурда, байыркы жашоочулардын инженердик чечимдери өтө жогорку деңгээлде болгону далилденди. Дубалдардын ичинен өткөрүлгөн каналдар аркылуу жылуулукту бөлүштүрүү технологиясы колдонулган.
Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, бул табылга бүгүнкү Кыргызстандын аймагында болжол менен миң жыл мурун эле коомдук имараттарды жылытуу үчүн татаал инженердик ыкмалар колдонулганын көрсөтөт.












