Бишкек шаардык мэри Айбек Джунушалиев «Рухий-Мурас» жашоо конушундагы бир тургун менен жолугушту. Ал 2006-жылы жаранга бөлүнгөн жер участогунун ээлик укугун алдыра албай келет.

Мэриядан билдиришкендей, ошол жылы жерти бөлүп берүү тууралуу токтом кабыл алынганына карабай, жер участогунун укугун каттоо жагынан маселе жаралган. Салыштыруу иштеринин бардыгын карап чыгуу менен укуктук маселени чечүү тапшырмасы берилди.

Жакынкы үйлөрдүн тургундары да кырдаалдын чын-төгүнүн тастыкташты. Мэрия тиешелүү кызматтарга документтерди кылдат иликтөөнү жана мыйзам чегинде маселени жөнгө салууну тапшырды.

Ошондой эле укук коргоо органдарына мындан ары да укук ченемдерин ишке ашыруу жана жардам берүү милдети жүктөлдү.