Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев «Курманжан датка» муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушууда жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн угуп чыкты. Мэриянын билдирүүсүнө таянсак, шаар башчысы чечилбей жаткан актуалдуу темалар боюнча берген суроолорго жооп берди.
Тургундар тарабынан коомдук тартиптин жана тынчтыктын бузулушу, арыктарды куруу, соттук талаш-тартыштарды чечүү, коммуналдык кызматтардын иши, ички жолдорду асфальттоо жана жолдогу тыгындарды азайтуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле ипотекалык турак жай менен камсыздоо жана канализация системасын жакшыртуу сунушталды.
Мындан тышкары, жарандар айрым үйлөрдүн подвалдарын капиталдык оңдоо, жер маселелерин чечүү, бала бакчанын имаратын бошотуу, эскирген суу түтүктөрүн алмаштыруу жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кайрылууларын билдиришти.
Жанарбек Акаев ар бир жарандын кайрылуусун угуп чыгып, кырдаал менен таанышуу үчүн жеке өзү ошол жерлерге барып турганын айтты. Ал келерки жылы микрорайондорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мэр тиешелүү кызматтардын жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди жана алардын аткарылышын жеке өзү көзөмөлгө алды.
Шаар башчысынын тургундар менен ачык форматтагы жолугушуулары 13-ноябрга чейин улантыла тургандыгы белгиленди.


















