Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тургундар менен түз жолугушууларын улантууда. Акыркы жолу ал Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен бирге Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү менен кездешти.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү калк инфраструктуралык жана социалдык маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, кош каржылоо программасынын алкагында коммуналдык кызматтарды жакшыртуу, ички жолдорду асфальттоо, электр мамыларын жана чубалгыларды жаңылоо, ошондой эле спорт аянтчасын куруу жана аймакты газдаштыруу маселелери талкууланды.

Тургундар сугат суусу менен камсыздоо жана мыйзамсыз курулуштарга каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча да суроолорду беришти.

Мэр Жанарбек Акаев айтылган маселелер боюнча түшүндүрмө берип, айрым көйгөйлөрдүн абалын жеринен көрүүгө даяр экендигин билдирди. Жыйынтыгында шаар башчысы тиешелүү мекемелердин жетекчилерине көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүү боюнча протоколдук тапшырмаларды берди.