12-ноябрда Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча форум болуп өттү. Иш-чарага КР ИИМ Жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев, Ош шаарынын вице-мэри Эрнист Толтоев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана жергиликтүү жетекчилер катышты.
Форумдун жүрүшүндө Жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынын штабынын башчысы жол кырсыктарынын кесепеттерине токтолуп, мас абалында унаа башкаруу адам өмүрүнө чоң коркунуч келтирерин белгиледи.
Ош шаарындагы көрсөткүчтөр (9 ай ичинде)
Алкоголь ичкен адам үнааны башкарганда кылмышкер деп эсептелет. Бирок, ага карабастан, айрым жарандарыбыз ичкенден кийин унааны башкарууну улантышат. Натыйжада 28 адам өмүрүнөн айрылды. Алардын арасында айдоочулар да, жүргүнчүлөр да бар.
Расмий маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын тогуз айында (январь — сентябрь) Кыргызстандын жалпы аймагында жол кырсыктарынан 572 адам каза болгон.

















