Ош шаарында аэропортко альтернативдүү жол куруу долбоору тандалган жолдо жайгашкан 200гө жакын турак үйлөрдү бузуу боюнча талкуулар күчөдү. "Интербилим-Ош" коомдук уюмунун жетекчиси Гульгакы Мамасалиева билдиргендей, шаар бийлиги бул иштерди мыйзамга каршы жүргүзүүдө.
Мамасалиеванын айтымында, долбоордун айланасындагы үйлөрдүн ээси болгон 50дөн ашык тургун өзүнүн сноска макул эместигин кат түрүндө билдирип, мэриядан турак жайлардын баасын түрдүү жактан эсептеп берген жыйынтыкты жана компенсациянын шарттарын түшүндүрүүнү талап кылышкан.
Шаар бийлиги бул снос иштерин Ош шаардык кенешинин 2023-жылдын сентябрь айындагы №80-постановлениеси менен негиздеген. Бирок Мамасалиева бул документ мыйзамдарга карама-каршы келип, турак жай ээсине компенсация алуу үчүн биринчи сноско макулдук берүү талабы коюлуп жатканын белгиледи.
"Интербилим-Ош" уюму прокуратурага кайрылып, прокуратура ушул маселеге 28-апрелде мэрияга жана кенешке карата нааразычылык билдирген. Алар №80-постановлениенин мыйзамга туура келбегенин көрсөткөн.













