Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жарандарды жеке кабыл алууну өткөрдү. Бул учурда шаар тургундары өз сунуштарын жана көйгөйлөрүн билдиришти, деп билдирди шаар мэриясы.
Келген адамдар негизинен төмөнкү маселелер боюнча кайрылышты:
- коммуналдык кызматтардын иши
- ипотекалык турак жай
- жер участокторун бөлүп берүү
- ички жолдорду асфальттоо
- башка социалдык-тиричилик маселелер
Шаар башчысы ар бир кайрылууну угуп чыгып, мэриянын тиешелүү бөлүм башчыларына, муниципалдык ишканаларга жана аймактык башкармалыктарга көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырма берди.
Бул тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы мэрдин жеке көзөмөлүнө алынгандыгы айтылган.















