Ноокат шаарынын Крупская көчөсүндө жол оңдоо иштери башталат. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, көчөнүн узундугу 310 метр, туурасы 8 метрди түзөт.

Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү

1 720 000сом бөлүнгөн каражат
310метр көчөнүн узундугу
8метр көчөнүн туурасы

Долбоордун алкагында жолго асфальт төшөлөт, көчөнүн эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулат. Лотокторду жана тротуарды курууга жергиликтүү тургундар да салым кошууда.

Учурда көчөдө таза суу түтүктөрүн тартуу иштери жүрүүдө. Ал аяктагандан кийин лотокторду орнотуу, тротуар куруу жана асфальт төшөө иштери башталат.