Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Талас шаарындагы Шамбетов көчөсүндө жайгаша турган «Баластан» балдар оюн-зоок комплексинин долбоору тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги Курулуш министрлигине таянып жазды.

Ведомстводон билдиришкендей, комплекс жалпысынан 6,5 гектар аянтты ээлейт. Анын курамына тогуз заманбап объект кирет, ал эми негизги имараттын аянты 17 миң чарчы метрден ашат.

Долбоорду иштеп чыгууда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын эркин жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Комплексте 360 градустук интерактивдүү проекцияларды, санариптик искусствону жана тематикалык мультимедиялык мейкиндиктерди камтыган заманбап санариптик технологиялар колдонулат.

Министрликтин маалыматы боюнча, комплекстин башкы планы жогору жактан караганда «Манас» улуттук орнаментинин элементин кайталайт.

Бул долбоордун ишке ашышы жаңы жумуш орундарын түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшөт жана аймакты өнүктүрүү үчүн маанилүү объект болуп калат деп айтылат. Комплексти 2026-жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.