Талас облусунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Нурсултан депутаттын кайын эжесин мыйзамсыз аракеттерге барды деп айыптады. Ал 3-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен болгон жолугушуусунда сөз сүйлөп, өзүнүн жана жубайынын он жыл бою Орусияда эмгектенип, 2025-жылы чогулткан акчасын мекенине алып келип, инвестиция салууну чечкенин айтты.

Анын айтымында, алар менен кошо 41 үй-бүлө келген. Жайында Эльнура Б. жана Амантур С. алардан 3 миллион 264 миң доллар жана 540 миң доллар алышкан. План боюнча Ирандан Кыргызстанга тооктун шыйрагы импорттолуп, андан Кытайга экспорттолмок. Эльнура анын жездеси Толонов баарын мыйзамдаштырып, квота берип, салыктарды төлөп берерин айткан.

Бирок акча алынгандан кийин кайтарылган эмес. Нурсултан Башкы тергөө башкармалыгына арыз менен кайрылганын, бирок жалган маалыматтын негизинде Башкы прокуратура ишти алып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп жибергенин билдирди. Андан соң аны ГУВДге чакырып, коркутуп, түнкү 12ге чейин кармап турушканын айтты.

Иштин абалы

Нурсултандын айтымында, азыр Башкы прокуратура ишти кайра алып, Бишкек боюнча УКМКнын башкармалыгына өткөрүп берген. Бирок эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлбөй жатат.

Эгер керек болсо, алдамчылык боюнча иш козгогула
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президенти

президента Садыр Жапаров укук коргоо органдарына маселени иликтөөнү тапшырды. Ал эгер зарыл болсо, алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгоону сунуштады.