Кочкор районунда «Зордук-зомбулукка жана рэкетке каршыбыз!» урааны астында мектеп окуучуларынын арасында спорттук мелдештер өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Райондук администрациянын маалыматы боюнча, мелдештер район акимийлигинин көчмө кубогу үчүн өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
Волейбол: кыздар арасында
- Н. Жундубаева атындагы мектеп
- К. Мырзабеков атындагы мектеп
- И. Арабаев атындагы мектеп
Волейбол: балдар арасында
- О. Сыдык уулу атындагы мектеп
- У. Малтабаров атындагы мектеп
- С. Жунушаалы кызы атындагы мектеп
Футбол
- Бостонов атындагы мектеп
- У. Бейшеев атындагы мектеп
- Иманалиев атындагы мектептин окуучулары
Жеңүүчүлөргө 1, 2 жана 3-даражадагы дипломдор жана байгелер тапшырылды.


















