Талас облусунда президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда Бакай-Ата районунун тургуну Анар Анарбаев апасы Тахмина Жаманкулованын мыйзамсыз камалышы тууралуу кайрылды. Ал апасы алтын жеткирүү боюнча насыя алууда алдамчылыкка шектелип, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалганын айтты.
Анарбаевдин айтымында, анын апасы Түркиядан алтын зер буюмдарын жеткирүү менен алектенет. 2024-жылы ал 1,5 кг алтынга заказ берген аял менен келишим түзгөн. Заказчы аял өзүнүн батирине ишеним кат жазып, үч айдын ичинде товардын акысын төлөп же батирин сатууга милдеттенген.
Бирок алтын жеткирилгенден кийин төлөм түшкөн эмес. Беш айдан кийин тараптар түркиялык жеткирүүчү менен эсептешүү үчүн насыя алышкан. Күрөөгө заказчынын батири жана Жаманкулованын үй-бүлөсүнүн эки үйү коюлган. Заказчы насыяны төлөп берүүгө милдеттенген, бирок төлөмдөрдү жүргүзгөн эмес.
Насыя каражаттары товардын акысы катары Түркияга которулган. Бирок алдамчылык боюнча айып Анарбаевдин апасына коюлуп, аны кармашкан. Анарбаев үй-бүлө эки жылдан бери насыяны айына 225 миң сомдон өз алдынча төлөп жатканын кошумчалады.
Эгерде баары арыз ээси айткандай болсо, энени бошотуу керек
Президент ишти иликтөөнү тапшырды. Ошондой эле ал 1,5 кг алтындын баасы болжол менен 500 миң доллар экенин белгиледи.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов арыз ээсин жеке кабыл алууга чакырды.


















