Жайыл районунда Кыргызстан милициясынын 102 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.
Укук коргоо органдарынын ардагерлери үчүн кайрымдуулук түшкү тамагы уюштурулуп, анда ыраазычылык каттар жана ардак грамоталар тапшырылды.
Жайыл райондук ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жайыл Шамыровдун айтымында, бүгүнкү күндө райондо ички иштер органдарынын 98 ардагери жашайт.
Кайрымдуулук түшкү тамагына өмүрүнүн көп жылдарын укук тартибин коргоо кызматына арнап, коомдук коопсуздукту камсыздоого салым кошкон ардагерлер чакырылды.
Мындан тышкары, райондук ички иштер бөлүмүнүн жеке курамынын атынан көп жылдык кызматы үчүн ыраазычылык белгиси катары ардагерлерге азык-түлүк тапшырылды.
























