Кароол айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, айылдын үч көчөсүндө асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү. Атап айтканда, А.Жалилов, Б.Мойдунов жана А.Мамраимов көчөлөрү оңдолду.
Асфальт төшөлгөн көчөлөр
Асфальтталган тилкелердин жалпы узундугу 1100 метрди түздү. Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан аткарылды.




























