Учурдагы абал
Азыркы учурда узундугу 54,4 чакырым болгон бөлүктө иштер жүрүп жатат. 24,5 чакырым аралыкта жер иштери толугу менен аяктап, асфальт төшөө башталды. Бүгүнкү күнгө чейин бул тилкенин 6 чакырымы асфальтталды.
Негизги көрсөткүчтөр
Коопсуздук жана инфраструктура
Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн коркунучтуу жерлерге темир-бетон тосмолор орнотулууда, ошондой эле суу өткөрүүчү жана сел өткөрүүчү түтүктөр монтаждалууда.
Ангарлар жана асфальт-бетон заводу
- 75-чакырымда узундугу 50 метр болгон ангар курулду.
- 86-чакырымда дагы 50 метрлик ангар бар.
- 107-чакырымда узундугу 20 метр болгон ангар курулду.
Курулушту үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн трассанын 83-чакырымында асфальт-бетон заводу иштеп жатат.
Курулуш-оңдоо иштери уланууда, асфальт төшөө боюнча план күнүмдүк аткарылып жатат.


















