Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев үлүштүк курулушка каражат салган жарандардын укугун коргоо боюнча мамлекеттик чараларды билдирди. Анын айтымында, бир дагы жаран батирсиз же төлөнгөн акчасыз калбайт.
Министр «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде кыймылсыз мүлккө инвестициялардын ишенимдүүлүгү жана көйгөйлүү узакка созулган курулуштар тууралуу суроолорго жооп берди. Ал мыйзамдуу негизде курулушка инвестиция салуу толугу менен коопсуз экенин, ал эми тармак өлкө экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири экенин баса белгиледи.
«Тоңуп калган» курулуш объектилери тууралуу суроого Орунтаев негизинен 2018-2021-жылдары башталган үйлөр сөз болуп жатканын түшүндүрдү. Курулуш компанияларынын бир бөлүгү COVID-19 пандемиясынан улам олуттуу кыйынчылыктарга туш болушкан: жумуштар токтотулуп, курулуш материалдарынын баасы кескин көтөрүлгөн.
Министр ошондой эле бул багытта атайын тапшырма бар экенин кошумчалады. Ал ар бир үлүшчүнүн укугун коргоо үчүн мамлекет бардык зарыл чараларды көрөөрүн, ал эми мыйзамдуу курулушка инвестициялар коопсуз бойдон кала берерин белгиледи.


















