Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Кол–Оро-Башы унаа жолунда асфальтобетон төшөө иштери активдүү жүрүүдө. Бул участок - 5 чакырымды түзөт.
Бул жол аймактагы айылдарды байланыштырган маанилүү автоунаа жолу болуп саналат. Ара-Кол менен Оро-Башы айылдары чолпондук айыл аймагынын аймагында жайгашкан.
Иш-чаралар 955-дорожно-эксплуатациялык ишканасы тарабынан аткарылып, бекитилген графикке ылайык жүзөгө ашырылууда.
Асфальтобетон төшөлүп бүткөндөн кийин транспорттук кыймыл шарттары жакшырмакчы, ошондой эле жол коопсуздугу жогорулайт.











