Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейдге райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациялардын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ошондой эле райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Текшерүү учурунда райондордогу айыл аймактарындагы кафе, ресторан жана спорт залдар текшерилди. Натыйжада саат 22:00дөн кийин көчөдө жүргөн 71 жашы жете элек адам аныкталды.
Рейддин жыйынтыгы
Аныкталган өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери балдары саат 22:00дөн кийин көчөдө жүргөн ата-энелерге айып салышты. Жашы жете электер ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Рейддин негизги максаты — өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана зомбулуктун алдын алуу, балдардын коопсуздугун камсыздоо жана ата-энелердин тарбиялоо жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.































