4-ноябрда Эл аралык ишкер кеңешинин (ЭИК) өкүлдөрү Финнадзордун төрагасы Кайрат Маматов жана ведомствонун профилдик бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту. Тараптар банктык эмес финансы тармагынын абалын, анын ичинде жөнгө салуу артыкчылыктарын жана чет өлкөлүк көзөмөл тажрыйбасын карашты.
Финнадзордун маалыматы боюнча, азыркы учурда өлкөдө банктык эмес финансы рыногунда 1 миң 155 юридикалык жана жеке жак иш алып барат. Аларга 1 миң 240тан ашык лицензия, каттоо жана сертификат берилген.
Банктык эмес финансы рыногунун негизги көрсөткүчтөрү
Биринчилик рыноктогу биржалык бүтүмдөрдүн көлөмү 115 миллиард 715,7 миллион сомду түздү, бул биржалык сооданын жалпы көлөмүнүн 95,36 пайызы. Биринчилик рынок аркылуу финансылык ресурстар тартылып, инвестициялык капитал кайра бөлүштүрүлөт.
Камсыздандыруу рыногуна өзгөчө көңүл
Жолугушууда камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү маселеси өзүнчө каралды. Тактап айтканда, камсыздандыруу компанияларынын активдерин инвестициялоо үчүн кошумча инструменттерди түзүү, актуарийлерди даярдоо жана тармакты жөнгө салуунун туруктуу эрежелеринин зарылдыгы талкууланды.
Ошондой эле санариптештирүү, баалуу кагаздар рыногун жана Кыргыз фондулук биржасынын ишин өнүктүрүү, стимулдаштыруучу лотереяларды укуктук жөнгө салуу, ошондой эле өлкөдөгү инвестициялык жана венчурдук фонддордун перспективалары каралды.
Бизнес өкүлдөрү СФИТ «Тамчы» резиденттеринин иштөө шарттары, аудиторлорду сертификациялоо жана эл аралык стандарттарга өтүү сыяктуу маселелерди көтөрүштү.



















