Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды – Калинин жолунун 7-13 чакырымдарына асфальт төшөлдү. Жалпы асфальтталган бөлүк 6 чакырымга созулду, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.
Министрликтин маалыматы боюнча, Чар – Ак-Муз жолунун 7,8 чакырымында асфальт төшөө пландалууда. Азыркы учурда бул жолдон 5,1 чакырымдык бөлүк асфальтталган.
Андан тышкары, Таш-Рабат автоунаа жолунун 5 чакырымдык бөлүгү асфальтталаары күтүлүүдө. Учурда бул жерде жер иштери бүтүп, асфальт төшөгө даярдык иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, жол иштеринин баары техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлүп, жол коопсуздугун жогорулатуу жана транспорттук байланыштын сапатын жакшыртууга багытталган.
Ат-Башы районундагы калган жол участктарын куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө жана бекитилген планга ылайык улантылууда.



