Мырза-Аке айыл аймагында жергиликтүү бюджеттин каражатына 5 чакырым ички жолду асфальттоо пландалып, учурда асфальт төшөө иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

38 чакырым Асфальтталбаган ички жолдор

Административдик-аймактык реформадан кийинки такталган эсеп боюнча айыл аймагында жалпы 38 чакырым асфальтталбаган ички жол бар.

Бул көйгөйдү чечүү максатында жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте ушул жылы 5 чакырым жолду асфальттоо пландалган.

Учурда белгиленген көчөлөрдө асфальт төшөө боюнча жигердүү иш жүрүп жатат.

Асфальттоо иштери башталды, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 чакырым жолго асфальт төшөлөт.
Мырза-Аке айыл өкмөтү