Ош шаарында Болот Баетовго таандык Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунаа тротуар аркылуу өтүп бара жатканы видео аркылуу белгилүү болду.

Болот Баетов өзү: «Ал жерде жолго чыгуу тротуар аркылуу жасалат. Андыктан айдоочум тротуардан өттү. Айып салынды» деп билдирди.

Ош шаардык милициясынын патрулдук кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 12-августта айдоочуга жол эрежесин бузду деген пункт боюнча 5 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Видеодо болгону спикердин унаасы эмес, башка да автоунаалар көрүлгөн.