Бишкекте коомдук транспорт айдоочусу жүргүнчүлөрдү токтотуучу жайдан тышкары, түз жолдун үстүнөн түшүрүп койгону үчүн айыпталды. Бул тууралуу Патрулдук кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 12-ноябрда социалдык тармактарда видео ролик тарагандан кийин текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу фактысы тастыкталган. Ушул себептен улам айдоочуга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлгөн.
Айдоочу өзүнүн аракеттерин негиздеп, токтотуучу жайга баруу мүмкүн болбогонун айтты. Анын айтымында, токтотуучу жай башка унаалар тарабынан жабылып калгандыктан жана жүргүнчүлөр автобусту токтотууну суранып жаткандыктан, мындай чечим кабыл алынган.
Адамдар түшүрүп коюуну суранышты, автобустун эшиктерин ачууга аргасыз болдум, бирок мындай окуя кайталанбайт,






