Бишкек шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери алдыңкы айнеги толугу менен тонировкаланган Lexus үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгын мойнуна албай, унаа эл өкүлүнө таандык экенин айтып, жазадан кутулууга аракет кылган.
ЖКККБнын маалыматы боюнча, протокол түзүү учурунда айдоочу унаа депутатка таандык экенин билдирген. Бирок ал өз сөзүн тастыктаган эч кандай документ же далил көрсөтө алган эмес.
Натыйжада, укук коргоо кызматкерлери айдоочуга карата Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн протокол түзүшкөн. Тонировкаланган пленка алдыңкы айнектен ошол жерде эле алынып салынган.
Бул окуя Бишкек шаарындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан рейддердин биринде катталган. ЖКККБнын кызматкерлери унаалардын айнектеринин тонировкасы боюнча талаптарды так сактоону эскертишет.









