Жайыл райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) кызматкерлери Гвардия көчөсүндө тротуар менен жүрүп, жергиликтүү тургунду араң сүзүп кете жаздаган Toyota Camry унаасынын айдоочусун аныкташты. Ал Панфилов районунун тургуну, 1972-жылы туулган Б.Б. экени белгилүү болду.
Окуя 2-ноябрда болгон. Шаар тургунунун айтымында, унаа тротуар менен жүрүп, жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жана коркунуч жараткан. Аял бул тууралуу укук коргоо органдарына кайрылган.
Айдоочу 3-ноябрда аныкталган. Ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 192-беренесинин 1-бөлүгү («Жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана унаа каражаттарын пайдаланууга уруксат берүүнүн негизги жоболорун, ошондой эле кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу») боюнча жоопкерчиликке тартылып, 1000 сом айып пул салынган.





















