Бишкек шаарындагы Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери "Бандит" деген ыкчам-профилактикалык иш-чараны өткөрүүдө.

Иш-чаранын башкы максаты — уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу жана токтотуу, ошондой эле издөөдө жүргөн жарандарды табуу жана аныктоо.

УВДнын кылмыш издөө бөлүмү жана башка бөлүмдөрү оперативдик эсепте турган адамдарды тергеп, алардын так жайгашуусун аныктап, байланыштарын изилдеп, профилактикалык маектерди жана мыйзам тарабынан каралган башка чараларды алып барышат.

Мындан тышкары, ок атуучу курал, ок-дарылар, баңгизат заттарды мыйзамсыз айлануу фактыларын аныктоо жана токтотуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Иш-чара учурунда Ленин районундагы адамдар көп чогулган жерлерге жана райондун аймактарына өзгөчө көңүл бурулууда.