Бишкек шаарында айдоочу жолдогу тыгын маалында унаанын терезесинен окурок чыгарып жиберген. Бул көрүнүш шаардык вице-мэр Рамиз Алиев тарткан видео аркылуу айкындалган.
Видео муниципалдык инспекцияга жеткирилгенден кийин мыйзам бузуу фактысы такталып, жооптуу айдоочу аныкталган.
Жыйынтыгында аталган айдоочу 3 миң сомдук протоколго негизделген айып салууга дуушар болду.











