Ош шаарынын мэриясында Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү жана алардын документ алуудагы көйгөйлөрүн чечүү боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Алар конуштун тургундарын документтештирүү процессин тездетүү жана укуктук маселелерди чечүү боюнча пикир алышты.

Белгилей кетсек, Жаңы-Маала конушу 2024-жылдын март айында административдик-аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунан Ош шаарынын карамагына өткөрүлгөн.

2026-жылдын 11–31-август күндөрү конуштун 11 көчөсүндө үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүп, инсандыгын ырастоочу документтери жок жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды аныктоо максатында кожолуктардын жана жашоочулардын саны такталган.

Жолугушууда мониторингдин жыйынтыктары, тургундардын укуктук абалы жана документтерди тариздөө маселелери талкууланды. Учурда конуштун тургундарын документтештирүү боюнча тиешелүү иштер уланууда.