Саламаттык сактоо министрлиги Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту (Роспотребнадзор) менен биргеликте калктын бир катар жугуштуу ооруларга каршы иммунитетин баалайт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына таянып билдирилди.
Жаңы этапта вакцина менен башкарылуучу инфекцияларга, ошондой эле зооноздук жана табигый-оору чыгаан инфекцияларга каршы калктын иммунитетин баалоо үчүн популяциялык сероэпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлөт.
Эл аралык долбоордун уландысы
Бул изилдөө 2023-жылдан 2025-жылга чейин беш өлкөдө (Беларусь, Кыргызстан, Армения, Түркмөнстан, Сербия) ишке ашырылып жаткан эл аралык долбоордун уландысы болуп саналат. Мурунку этапта Кыргызстандан 6,6 миң ыктыярчы катышып, алардын канынан кызамык, кызамыкча, эпидемиялык паротит, COVID-19 жана вирустук гепатиттердин козгогучтарына каршы антителолордун деңгээли аныкталган.
Алынган маалыматтар аймакка мүнөздүү көйгөйлөрдү аныктоого мүмкүндүк берди: калктын айрым топторунда иммунитеттин жетишсиздиги жана мамлекетте эмдөө аркылуу оорулардын алдын алууну өркүндөтүү зарылдыгы.
Жаңы этаптын максаттары
2026–2028-жылдарга белгиленген жаңы этап кошумча эмдөө кампаниялары жүргүзүлүп жаткан инфекцияларга каршы популяциялык иммунитеттин динамикасын баалоого, ошондой эле тиешелүү зооноздук жана табигый-оору чыгаан инфекциялардын чыныгы таралышы тууралуу объективдүү маалымат алууга мүмкүндүк берет.
Изилдөөнүн жыйынтыктары өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды болжолдоого негиз болот деп күтүлүүдө.
Изилдөөнүн негизги көрсөткүчтөрү
























