Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы генеральдык консулу Лю Минчэ менен жолугушту.
Жолугушууда эки тарап кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүнү жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы генеральдык консулу Лю Минчэ менен жолугушуп, кыргыз-кытай кызматташтыгын тереңдетүү жана жаңы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Жолугушууда соода-экономикалык өнөктөштүк, логистика жана туризм багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар кыргызстандык жана кытайлык аймактар аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө ниеттеништи жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты.
Ош шаарынын муниципалитети Кытайдын Урумчи, Сиань, Синин, Шицзячжуан, Ланьчжоу, Фошань, Далянь жана Кашгар шаарлары менен кошунан курдаштык жана тыгыз байланыштарды кармап келатканын белгиледи.




Жакшыраак сунуштарды алуу үчүн кириңиз
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!