Бишкек шаарындагы «Евразия» соода борборунун бешинчи кабатында жайгашкан «Скай Баку» кафесинде массалык мушташ болгонун шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Видео: Номад

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, мекеменин конокторунун ортосунда чыр-чатак чыгып, ал мушташка айланганын аныкташкан.

Бул факт Свердлов райондук ИИБдин каттоо журналына жазылып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Окуянын бардык катышуучулары аныкталып, райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда хулиганчылык») боюнча протоколдор түзүлдү. Кармалган жарандар райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузууга жол берилбейт. Мыйзамсыз аракеттерге барган адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Бишкек шаардык ИИББдин эскертүүсү